Табышмак
"Азаттыкты каалабаган адам жок;
адилет адам азаттыкты жалпыга
каалайт,адилетсиздер оздоруно
гана каалашат" (К.Берне)
Аябай кыйналдым. Ачыка чыгаралбай. Айталбай дегеним. Анткенимдин себеби да ар турдуу, жуйоосу ото коп. Аны эми айтканда не, айтпаганда не. Уч уктаса тушко кирбес мындай «шумдуктуу окуя болуп кетет» деп ким ойлоптур. Туптуура бир жыл болду. Эн коркунучтуусу, тобо чачты тик тургузган андай окуялар, адилетсиздик, абийирсиздик кундон-кунго кучоп, Кыргызстанда кадыресе корунушко айланып, адамындын укугу Бакиевдердин бийлиги учун жыртылган чокойчо да бааланбай, жетээр чегинен ашып тушуп, кыргыздын жонунан кызылдай эле кайыш тилип киришти. Ары кетип, бери кетип, акырында «кеч болсо да Бакиевдердин бакыйган дагы бир оор кылмышы боюнча ачуу чындыкты эл билсин» дедим. Изи сууп бараткандай. Абийирим чыдабады. Тандын атышы менен кундун батышы мен учун азапка айланып, тынч уйку жоголгон.
Медет Чакановичке 12-мартта (2009ж) дагы жолуктум. Акыркысы болуптур. Ат-тин…
Эртен мененки саат 10дордо киргем, дээрлик бир саатка чукул суйлоштук. Ачыгы, Акуйун алчап, оппозициясын кошо калчап, жетинчи кабаттын кадимки «серый кординалына» айланып, МЧС атка конгон атактуу саясатчы Медет Садыркулов менен оголе коп жолугуп,оо,далай суйлоштум. Акуйго келгиче, акуйундо отурганда, акуйдон кеткенде. Бийлигин да эмес, байлыгын да эмес, болгону ал кишини Адам катары терен сыйлап, озумчо сыймыктанчумун. Ага-ини болуп калганбыз. Арманым, чексиз мумкунчулуктордон пайдаланып, «ким бар, ким жок» деп чыгынып, бир ирет чогуу суротко тушуп койгонго жарабаптырмын, эстелик учун.
«Кыйналдым», «акыркы» деп армандуу ушкургонумдун себеби бул. Умутко май тамызган ошол акыркы жолугушуубуздун сонунда «Асыран, мени шаштырбай турчу,(кеп ошол мезгилде «ана-мына чыгарабыз» деп жаткан жаны гезит жонундо кетип жатат, алгачкы саны 27-мартка болжолдонуп калган.А.А.) мына, бугун буюрса бир катар маанилуу маселелердин башын ачып келгени Алматыга кетип жатам дебедимби, эмки экинчи куну (кызык, ал куну 17-март экен, Аксы окуясына 7 жыл, кан тогулгон кун.А.А.) дал ушул маалда кел, ошол куну бардык маселени жыйынтыктап, ишти баштайбыз» деди. Анан шашпай ордунан туруп, сырдуу жылмайып басып келип, тамашалап ичке муштагылап, «жакында чо-он иштер болот, аз калды братишка, сен эми бардыгын тушуносун да, чыдап тур» деп кучактай, далыман таптап, каалганы оз колу менен ачып туруп, акырын узатып койгон.
Жандуйносуно ишеничтин, умуттун оту жанып, жакшы ниетке беттеп алган адамдын абалын эми тузук эле тушунот чыгаарсыздар. Залкар жазуучунун (МЧСтин офиси Аалы Токомбаевдин мемориалдык уй музейинде болчу. А.А.) музейинен чексиз умутторго «мас» болуп, толкунданып чыгып кетип бара жаткан мен «байкушта» анда кайдагы жаман ой.
Медет байкемдин Алматыга эмес эле акыркы сапарга, келбес жайга кетип бара жатканын, азыркы айтылган жакшы иштерин менен жаркын умутторундун быт-чыты чыгаарына саналуу гана сааттар калганын, умутун тургай «каардуу уй-булонун» кандуу ченгээлинен «бутундой элди куткарам» деп озгочо жан уроп жаткан ошол тиреген «тиранын» кум-жам болуп, орттолуп, аны менен бирге эч жазыгы жок эки бирдей шордуу (изилдоочу Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулайманов.А.А.) кошо орттолуп, «узуктой» болгон уч адамдын денеси бир эле тундо, бир эле саатта, бир эле ууч кулго айланып, сапырылып жок болоорун, опко-журогумду бир гана оксук аралап, тумандап калаарын кайдан билиптирмин кашайгырдыкы…
«Убал-сооп» дегенди уруп ойношпой, оркойгон кылмыштарын бурмалашып, «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» коюшуп, анан уялбай-этпей эле «бул деген жонокой гана жол кырсык, башкача болушу мумкун эмес» дешип, маашырлана алакан ушалашып, култундап, суйунуп тим болушту го, наадандар… Ал эми «оозун кана» десе мурдун коргозуп, «уйло» десе какырып, «суйло» десе бакырган «сот билектери» жапырт, «ооба, ошондой, болбогон эле кырсык» дешип, кожоюндардын «заказын» алты жуз пайызга аткарышып, кылмыштарын ачылгыс кылып (азырынча) жаап тынышты. Дагы да, далай-далай оздорунун кылмыштарын жашырып-жаап, калыс суйлогондорду «каап», «сен» деп эле койгондорду селейте чаап, канчалаган куноосуз шордууларды куноолуу кылып, саан уйдай «саап», сатып, атып, орттоп, соттоп, ойлоруна келгенди оттоп, купулдошуп, бугун бир гана Бакиевдер болуп корбогондой «онугуп,осуп» киришти го, чиркин. Кыскасы, кылмыштуу бийлигин мыкчып, колдон чыгарбаш учун бул «уй-було» бутундой кыргызды курмандык чалып, кул кылууга даяр экенин беш жылга жетпей эле бекемдеп, козго сая коргозуп коюшту.
Айтайын дегеним, эй силер деле адамсынар го, эгер адам болсонор, анда адамкерчилик, абийир, ыйман деген ыйык нерсенер кайда? Барбы деги? Мындай зоокурчулугунорго ким чыдайт да ким ишенет? Ким? Ишенбейт эч ким! Эч качан! Эстеп койгула!.. Айтсанар, кайдагы «жол кырсык»? Болуптур. Анда ошол жолдо калган жосунсуз «автокылмышты» уюштура коюп, «сокур ит бок жалагыча» кайра изин жууп-тазалай салган ким? Жооп жок. МЧСтин артынан сая тушуп, андытып, аны тез арада жок кылууну коксоп, уйкусу бузулган ким? Жооп жок. Ушул кунго чейин. Табышмак…
Мына ушуга окшогон уусунан чуусу коп, унутта калып бараткан ары шектуу, ары табышмактуу, жообу жок татаал суроолорго жоопту башка жактан издеп убара болбой эле Медет Чакановичтин (бейиши болгур) озунун арманга айланып кеткен акыркы маегинде берген жоопторунан эле издеп, иликтеп корбойлубу.
Мен бул маекти 10-мартта (2009-жыл) даярдап келип, озуно коргозуп «басмага бере бербейлиби» десем, окуп коруп,«жакшы, бирок азыр эртерээк, катып кое тур, мен озум айтам, ошондо дагы бир топ маанилуу маалыматтарды кошуп,толуктап туруп озубуздун гезитибизге эле жарыялайлы» деп койгон жарыктык киши. Макул болуп, унчукпай калгам. Анан ошол бойдон минтип кеч болсо да акыры мен унчугуп атам. Алыстан. Амандык женет дейби? Аманмын да. А Медет байкем болсо эми унчукпайт, эч качан…
Мынакей окурманым, (маек ошол бойдон сакталган, болгону рубрикасы алмашты, андагы рубрикасы «дубурт» эле, башка бир дагы тамгасын озгорткон жокмун. А.А.) кечигип калыптыр дебениздер, орус туугандарыбыз «лучше поздно чем никогда» деп коюшат эмеспи, шашпай окуп коруп, оюнузду болушунуз. Тараза ташынызды талдап, кай тарапка бурасыз, эрк озунуздо, алды акыйкат болунуз...
Асыран АЙДАРАЛИЕВ
12-март,2010-жыл
АРМАНГА АЙЛАНГАН АКЫРКЫ МАЕК
МЕДЕТ САДЫРКУЛОВ, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИСИ
«БИРИКПЕСЕК, БУЛАР БИЗДИ БИРИНДЕТИП ЖОК КЫЛАТ»
- Медет Чаканович, сизге былтыр жаны жыл алдында тартуу кылынган «табышмактуу белектин» ээси ким экени белгилуу беле? Жалпы коомчулук ал «белекти» сиздин каршылаштарыныздын «аман-соондо кет» деген алдынала ачык коркуткан «эскертуусу» деп кабылдаган эле. Эмнеге ошондо кетпей туптуура бир жылдан кийин кетууну эп кордунуз?
- Сасык саясат, ички-тышкы интрига, ордо оюндар мына ушундай ырайымсыз, катаал, эрежеси жок, омбу-домбу, опурталдуу болот. «Оюнга» аралашкандан кийин чуконду ойлонбой эле онду-сол калчай бергенин эч убакта жыргатаар жыйынтык бербейт. Ойлонуп, таразалап, таамай, так чечим кабыл алуу гана саясатта жемиштуу жыйынтык бериши мумкун. Бирок, баары бир ойт берип кеткен учурлар коп, адашасын, жанылбай койбойсун, кемчилик кетет. Ал эми «белек» тууралуу айтсам, ал мага эскертилген ачык коркутуу экенин, туйулгон «муштум» кимдики экенин абдан жакшы билем. Мен озум публикага ойногонду эмес, тер тогуп, иштин майын чыгара иштеп конгон адаммын. Жасай турган коп иштер бар эле, ошол тууралуу ойлонуп калдым. Анда кетсем деле жарашмак, бирок озум «эртерээк» деп эсептедим. Азыркы «отставкам» деле оз убагында эле болду окшойт.
- Бакиевдин бийлигин сактап калууга, анын бекемделишине тоодой кызмат кылып бердиниз эле, эми алар сиздин эмгегинизди бат эле унутуп калыштыбы?
- Андай деле эмес. ТИМ баш болгон бир катар жогорку кызматтарды сунуш кылышты, бирок мен баардыгынан сылык баш тарттым. Себептерин эми сен озун деле жакшы билсен керек, мен булар менен бир короодо иштеше албай калдым, мумкун эмес. Бар кучумду жумшап, жасаган кызматымдын багыты туптуз барып эле Бакиевдердин «айбалтасына» айланып калып жатканынан тажап, анан ал жерден эч нерсе жасай албасымды, колуман келбесин тушундум да оз ыктыярым менен кызматтан кеттим. Менимче мезгил менден бугун дал ушуну талап кылды, мен аны аткардым.
- Акуйдун администрациясын дээрлик эки жарым жыл башкарыптырсыз. Алардын былык-чылыгын, ичи-тышын ийне-жибине чейин билээриниз жалпыга маалым. Анан эле «шарт» бурулуп, эшиктерин «тарс» жаап, «урдум силерди» деген тейде жетинчи кабаттан тушуп, баса берип журокторун бир «болкулдаттыныз». Ал аз келгенсип сунуш кылган кызматтарынын баарынан баш тартып дагы бир жолу «солкулдаттыныз» окшойт. Дегеним, сиздин мындай кутуусуз кадамдарыныз туздон-туз озунуздун жеке омурунузго ото эле опурталдуу эмеспи?
- Албетте опурталдуу. Артымдан калбай «кайтарып», алыстан андып журушкон туру суук «охотниктер» менен бетме-бет кезигип, жолукпаганым менен баардыгын байкап, ичимден туюп, сезип эле турам. Бир куну болбосо бир куну «кол салсакпы» деп даярданып журушобу, же балким жон гана «сес корсотуп коелу» деген ыкмаларыбы? Билбейм…
- Кайтарууга алып, андыгандар «кимдин кишилери» деп ойлойсуз, алардан коркпойсузбу, артыныздан тушуп атса?
- Эмнеге коркмок элем. Башты катып, ийинге кире качыш эркектин иши эмес. Мындай учурда (кулуп) «корксо да коен олот, коркпосо да коен олот» деп койчу беле, туурабы? Айтпадымбы, жасаган иштерим бурмаланып, бир гана уй-булонун кызыкчылыгы учун иштеп калды. Азыр оюмда ошол кетирген одоно кемчилигимди ондош, «баш ооруга» айланып бара жаткан Бакиевдерди тез арада бийликтен кетириш, анан бардыгы эл учун кызмат кыла тургандай адилеттуу, таза бийликти алып келсек деген аруу тилегим, асыл максатым бар. Бугун да эч нерсе эмес, эртен мындан да кыйын болот. Мен мына ошондон корко баштадым. Булардын азыркы жазап жаткан ар бир кадамы, элге каршы жургузгон саясаты мен учун эле эмес, бутундой коом учун ото кооптуу болуп калды. Мындай жол менен кете берише турган болсо, анда аягы жакшылык менен бутпойт. Ал эми мени кайтарууга алып, андып жургон адамдар эмне, Афганистандан же Ирактан келди дейсинби? Элдешкис бир эле душманым бар, ошонун адамдары болсо керек. Кокустан менин омурумо кол салуу болуп, же кандайдыр бир коркунучтуу жагдай тузуло турган болсо, аны мен бир гана Жаныш «досумдун» (Бакиев) жасаганы деп эле тушуном. Андан башка азыр менин артымдан сая тушуп,«сагынычтуу салам» же болбосо «коркунучтуу белек» жолдой турган «досторум» деле жок.
- Эми анын бетин ары кылсын,«тфу-тфу» дениз. Сиз азыр «болгон саясый кучтордун бардыгын топтоп, башын бириктирип, бирдиктуу кучко айландырам» дединиз. Ар кимиси ар башканы суйлоп, амбициялары ашып-ташкан оппозиция лидерлери сунушунузга макул болуп, конооруно козунуз жетеби? Себеби, сизди Бакиевдин «булчунун чындаган» деп ачык сындап, жактырышпайт эмеспи.
- Чындаганым чын, танбайм, ачык сындарын кабыл алам. А бирок ал мезгил отту да, кетти. Аны мин укуп-чукугандан эч кимибиз пайда таппайбыз. Учур бизден азыр таптакыр башканы талап кылып жатат. Биздин азыр биригип, бири-бирибизди угуп, бирдиктуу иш алып баргандан башка жолубуз да жок, жана антпеске аргабыз да жок. Алдынала Омукеге, Бокеге, Алмазга (Атамбаев) жолуктум, жана башкалары менен да суйлоштум. Аркы-берки болгонубуз менен алгачкы суйлошуулордун жыйынтыгы жаман эмес. Бул жагын алганда маселе он жагына ооп калды. Эн башкы, чечуучу маселе каражатка барып такалат эмеспи. Орчундуу бул иштин да туйуну чечилип бутуп калды десем болот. Кайдан табыш, кантип? Канча? Бардык жоопкерчилик, баш оору меники.
- А бирок баарынын башын бириктирип, каражат чачып киргенде эле Бакиевдер «мынакей бийлигинер, алагойгула» деп, четке чыга бериши кыйын го? Эл болсо эч кимге ишенбейт, «митинг, пикет» деген создордон конулдору уч кочкон журттай калып буткон.
- Анын да чын. Бирок биз андай ашыкча башаламандыка, чаржайыттыка барбайбыз, жол да бербейбиз. Элди кыйнап, ортого да салбайбыз. Биздин стратегиялык багытыбыз, тактикалык журушубуз, анан эн маанилуу маалыматтарыбыз болот. Туптуз «бутага» мээленип, биринин артынан бири жарыла турган «смертельный бомбалар» жетишээрлик. Атактуу фраза эсиндеби? «Маанилуу маалымат кимдин колунда болсо, дуйнону ошол башкарат» дейт эмеспи. Маалымат деген ото кучтуу курал. Мына, ушундай Асыран. Эгер биз бугун эртелеп биригип озунбасак, эртен булар баарыбыздын козубузду оюп, оюна эмне келсе ошону жазап, энебизди Уч-Коргондон коргозушот.
Маектешкен Асыран АЙДАРАЛИЕВ
10-март,2009-жыл
Р.S. Бул маектен сырткары март айынын биринчи жарымында мындан да маанилуу, коломдуу, орус тилдуу окурмандар учун,"Казахстандын маалымат айдынына арналган маек даярдайлы" деп атайын МЧСтин макулдугун алгам. Ал маекти белгилуу журналист, маркум Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустанбек) даярдамак. Тилекке каршы ал маекти дагы «бир аз кое тургула, азыр эртерээк» деп кийинкиге жылдырып койгон. Эгерде ушул даярдалган, анан макул болуп, бирок «кийинкиге» жылып калган маанилуу маектер оз маалында, эртерээк элге чыгып кеткенде, балким кандай болот эле? дейм.
Бири жыл башында, экинчиси жыл аягында киши колдуу болушуп, олумдору табышмака айланып, шейит кетишкен белгилуу эки саясатчынын кейиштуу тагдырлары таптакыр башка нук менен кетип, балким аман-соо калышат беле? деп дагы коем иттики, арсыз ой деген ошо да…
Свидетельство о публикации №210033000718
