Суйуу жана Достук

Т;нк; саат 01:45. Джалдагы Манастын жатаканасы. 22-б;лм;. Ажаткана. Арген шприц даярдап ;з;н; укол атып жаткан жери. Арген эми ;з;н; укол атып, жаны тамеки к;йг;з;п отурат. Эшик такылдайт.  Ал Нурсултан.               
Арген унчукпайт. Мирлан ары-бери басып, к;зг;н;н астында барып бираз бокс менен машыккан тур к;рс;т;т. Кайра барып такылдатат. Бирок бул ирет катуураак.
Нурсултан: Э, брат! Болчу!!!
Арген акырын илгичти ачат. Мирлан ажаткананын ичиндеги тамекинин т;т;н;н к;р;п.
Нурсултан: Канча айтам ажатканага тамеки чекпегилечи деп. Эмне жерде отурасы;?
Арген колун байлаган резинканы, шприцти, уколду кайнаткан кашыкты к;р;т.
Нурсултан: Баякыны кайра баштады;бы? Сен бул нерсени таштадым, деп, балдарга с;з бербеди; беле? Эмне болду сага? (Арген унчукпайт.) Арген, эгер менде  бир нерсе болсо биринчи сага айтам, а сенде бир нерсе болсо мага айтпаганда кимге айтасы;? Эмне унчукпайсы;, с;йл;б;йс;;б;?
Арген: Нурик, айтчы мага! Сенин жашоо;до ушундай кыйын к;нд;р болду беле? Сенин жашагы; келбей кеткен, ;з;;д;н жашоо;о ;з;; кол салууга даяр болгон к;нд;р? Бул жашоону жек к;рг;н к;нд;р? Болду беле?
Нурсултан: Чечилбеген маселе болбойт. Сен маселенин ;з;н айтса;, чогуу чечилишин издейбиз!
Арген: Жок, сен айтса; биринчи ушундай нерсе болду беле сенде?
Нурсултан: Менде болгон эмес. Мен тагдырга таарынгандардын катарына кирбейм...
Арген: Анда, сен мени т;ш;н; албайсы;. Иштин баары биздин тагдырга таарынып-таарынбаганында эмес. Тагдырдын бизге кылган подлянкасында! Т;ш;н;п атасы;бы ошону? Эмнеге бир;;л;р жыргал жашоодо жашаш керек? Ошол эле убакта башкалары жокчулукта, жакырчылыкта жашаш керек? Эмне ;ч;н башка бир;;н;к;н уурдап тоногондорго мыйзам эчнерсе дебейт? Анын ;ст;н; андайларды Кудай да албайт! Ал эми ;м;р бою ак эмгек менен жашап келгендер ар дайым жапа чегип тагдырдын оор соккуларына туруштук берип жашап келишет! Бизди Кудай унутуп койсо керек.  Анан ушул тагдырдын подлянкасы болбосо эмне деп аталат? Кантип мени тагдырга таарынгандардын катарына кошуп атасын? Жок, Нурик! Мен тагдырга таарынган жокмун. Мен тагдырдын кылган нерселерин унутайын деп атам... Эмне айтаарга с;з жокпу? Менин айткандарым туура экенине к;зу; жетти да, ошол ;ч;н унчукпайсы;!
Нурсултан: Минтип с;йл;б;, Арген! Ар бир адамдын...
Арген: Анан кантип с;йл;й;н?! Кантип?
Нурсултан: Акырын. Балдар уктап атат! (пауза) Бул ж;н;нд; шашпай дагы с;йл;ш;б;з. Азыр жатып эс ал. Эрте; тан атпай сабакка.
Арген ордунан туруп эшикти к;зд;й басып барып, чыгаарда жыгылып кетет. Нурсултан жардам берет. Арген бети колун жууп барып жатат. Нурсултан ажатканада калган шприц ж.б. алып катып коёт. Нурсултан ажатканадан чыгып барып жатаарда, Аргендин т;ш;нд; с;йл;н;п жатканын к;р;т. Ал "Апа, апа" деп жаткан болот.
Анын эртеси. Саат 8:00. Нурсултан туруп, жуунуп, сабакка кеткени жаткан. Аргенди ойготот.
Нурсултан: Эй, Арген, бас кеттик окууга! Арген дейм. Турбайсы;бы? Саат 8 болду. Сабакка барасы;бы-барбайсы;бы? ;чк; чейин санайм, турбаса; таарынба мага! Бир, эки, ;ч. Мен сага айткам, эми таарынба!
Жуурканын ;ст;н;н сыйрып алат. Арген жини менен ыргып турат.
Арген: Эне; дурайын, алып кел бери! Уктап аткан адамга алдагындай кылганы;ды токтотчу, укту;бу? Кысылбай ж;рг;н жери;ди кысып коём , айтып коёюн!
Нурсултан: Сабакка барасы;бы-барбайсы;бы?
Арген: Барбайм!!!
Нурсултан: Ошентип эле айтпайсы;бы анан!
Арген: Эй, Нурик! Брат, кайсы сабак биринчи?
Нурсултан: Культурология!
Арген: Агайга айтып койбойсунбу мени ооруп атат деп. Мен озум анан справка жасатып алам! Кандай дейсин?
Нурсултан: Эмне; ооруп атат дейин?
Арген: Айтса; катуу температура болуп атыптыр деп. Эме больницага барам деп аткан, деп кой.
Нурсултан: Хорошо! Мен го айтып коём, анан сен мени подстава кылып койбо. Ооруп жатат деп аткан жерден эшиктен кирип келипчи... Давай анда.
Арген: Хоп! Давай.
Ошол эле к;н. Саат 10:45. Нурсултан группалаш балдар-кыздары менен фитнес сабагынан чыгып келе жатышкан. Экономиканын 2-кабатына жеткенде Нурсултан Акылайды к;р;п калды. Акылай шашып тепкичтен т;ш;п бара жаткан.
Нурсултан: Акылай! Токтосо;!
Акылай Нурсултанды к;р;п, токтоп калат.
Нурсултан: Кандайсы;, Акылай!
Акылай: Жакшы! Кандай ;з;;?
Нурсултан: Жакшы, рахмат! Акылай сага с;з бар эле?!
Акылай: М;мк;н болсо анан с;йл;шп;йл;б;? Мен дагы сенден бир нерсе сурайын дегем.
Нурсултан: Жок, Акылай! Бул иш мен ;ч;н эле эмес, сен ;ч;н дагы абдан маанил;;... Аябай эле шашып турбаса;?
Акылай бираз ойлонуп макул болот. Эк;; чет жака чыгышат.
Акылай: Угуп атам?
Нурсултан: Менин сурайын деген нерсем, Арген эк;;;;рд;н ортонордо баары эле жакшыбы?
Акылай: Билбейм... Айта албайм... Ал бир жумадан бери жок. Телефон чалбайт, а мен ;з;м чалсам суйл;п-с;йл;б;й эле телефонун ;ч;р;п коёт. А ал ;з; аякта ж;р;т?
Нурсултан: Азыр жатаканада. Ал айылдан кечээ к;н;   эле келди.
Акылай: Айылдан? Ал эмне айылга барып келдиби?
Нурсултан: Ал ;з; сага айткан эмес беле?
Акылай ( башын чайкап): Жок. Айткан эмес.
Нурсултан: Эми демек орто;ордо баары эле жакшы экен да. Мен туура эле т;ш;нд;мб; сени?
Акылай: Ал б;г;н сабакка келеби?
Нурсултан: Так айта албайм. Ал эрте; менен ооруп атам деп аткан.
Акылай (саатын карап): Нурик, мен сабакка кечигип жатам. Шашпай дагы с;йл;ш;л;ч;.
Нурсултан: Аха, мейли...
Акылай: Нурик, анан Аргенге айтып койчу мага чалып койсун!
Нурсултан: Хорошо!
Т;шк; саат 12:15. Жатакананын 2-кабаты. Коридордо илинип турган к;зг;г; каранып жаткан. Алтынбек 3-кабатка ;з;н;н б;лм;с;н; бара жаткан. Аргенди коруп кал/ат.
Алтынбек: Салам алейкум!
Арген: Алейкум!
Алтынбек: Кандай, брат? Эмне корунбойсун?
Арген: Айылга барып келдим. Бир жумадай журдум го дейм.
Алтынбек: Болду эми жаман катуу жасандын го!!!
Арген: Кыздар ойлобосун да тигил байкуш айылга барып жудоп калыптыр деп.
Алтынбек: Кыздарды эмне кылат экенсин... Акылай эле жетет сага...
Арген: Акылай дечи...
Алтынбек: Сен азыр каякка?
Арген: Тамакка барасынбы?
Алтынбек: Барам. Бирок азыр 31ге кире кетпейлиби, брат. Кийим ала кетиш керек болуп атат.  Тамакта азыр ансыз деле эл толтура.
Арген: Жур эми батыраак анда. Карышкырдан беш бетер ачка болдум.
Экоо 31-болмого киришет. Ал жакта Нурлан чай ичип отурган эле.
Нурлан: Ээ, салам алейкум! Кандай Арген? Корунбойсун да?
Арген: Рахмат! Журобуз Кудай деп коюп. Айылга барып келдим. Озун кандай?
Нурлан: Озум деле ошо, акырындап. Кел чай ич! Озун айткандай Кудай деп коюп журобуз.
Арген: Эмне жалгыз отуруп алып? Тамакка барбайсынбы?
Нурлан: Акча жок, брат! Айылдан келбей атат. Азырынча камоктун жардамы менен жашап атам. А айылдан акча келгенде бир тогуп коёсун бутту да ошол менен. Кел чайдан албайсынбы?
Арген: Рахмат, Нуке. Алып атам.
Нурлан: Айыл апа кандай анан? Тынч элеби?
Арген бираз ойлоно тушот.
Нурлан: Арген?
Арген: А? А ий тынч эле!
Алтынбек: Нуке, менин бир ак шортам бар эле да, коргон жоксунбу?
Нурлан: Анын душта илинип турбадыбы эле...
Алтынбек: Ааай Ё моё. Мен аны кечээ куну жууп койбодум беле.
Арген: Анан Кандай жанылыктар?
Нурлан: Жанылык деле жок.
Арген: Гулжамал менен журуп атасынбы?
Нурлан: Жок, брат. Ал менен журбой калгам.
Алтынбек: Арген, кеттикпи?
Арген: Мейли, Нуке! Сен шашпай иче бер! Биз Жылалы! Аш болсун! Давай, корушобуз да!
Нурлан: Рахмат. Бирге болсун.Мейли давай!
Арген менен Алтынбек чыгып кетишет. Ашкананын алдынан алар Тилекке жолугуп калышат.
Арген: Салам алейкум! Кандай, Тиля?
Тилек: Алейкум салам! Кудайга шугур. Озун?
Арген: Жакшы...
Тилек: Сен эмне бир жумадан бери жоксун? Эже жаман коруп атат.
Арген: Агайдан суранып кеткем. А  Эже эмнеге жаман коруп атат?
Тилек: Апей, сабакка келбесен жаман корот да. А агай жибере берет дечи... Бирок анын баарын агай бир кундо эле чыгарып коёт. Абайласанчы, окуудан ыргып кетип журбо!
Арген: Кудай сактасын!
Тилек: Буга чейин го айылда журуптурсун дейли. Эми келесинби сабакка?
Арген: Ооба барам!
Тилек: Азыр как раз агайдын сабагы, кечикпе! Коштошпой эле коёлу да, Аш болсун!
Арген : Аха мейли давай!
Акылай менен Мирлан ошол убакта Арген жонундо суйлошуп отурушкан.
Акылай: ...жанаа Нуриктин айтуусу боюнча жатаканада экен. Эмне учун жок дегенде чалып койбойт десен?
Мирлан: Акуся, ошол учун кайгырбай эле койчу! Менин оюмча ал сага татыктуу эмес. Ошонун эмнесин суйосун? Же бир мачо болсо мейли эле.
Ошол убакта Акылай эшиктен кирип келген Аргенди коруп калат. Акылай унчукпайт.
Мирлан: Эшекти суйлосон кулагы корунот дейт...
Арген тамакка кирет. Алтынбек тамагын алып, орун издеп жаткан эле. Арген чет жакта отурган Акылай менен Мирланды корот.

Арген: Алтынбек, тээтигил жерге отура берсен, мен азыр барам!
Алтынбек барып эле ошол жерге отурат.
Алтынбек: Саламатсынарбы! Тамагынар таттуу болсун!
Акылай: Саламатчылык! Кел отур! Досун келбейт бекен?
Алтынбек: Азыр тамак алып алсын келет!
Бираздан кийин тамагын алып Арген да келет.
Арген: Кандайсын, Акылай?
Акылай: Менин атым али эсиндеби?
Арген: Тамагын таттуу болсун!
Алтынбек: Отурбайсынбы! Эмне турасын?
Арген: Сен ишенбейсин бирок кээ бир адамдар менен чогуу отуруп тамактаныш бул тозоктон да жаман!
Ошондо Мирлан тамагын ичип бутуп бата кылат.
Мирлан: Тамагын даамдуу болсун, Акылай! Пока!
Акылай: Рахмат, пока!
Экоо обушуп коштошот. Мирлан ордунан туруп кетет.
Мирлан: Баса, жогоруда айтылган тозок жонундо создордо чындык бар. Акылай,  тозокко катуу куйуп калба. Тамагын таттуу болсун, досум!
Арген: Мен сага дос эмесмин!
Мирлан кетет. Арген отурат.
Арген: Кандай, Акылай?
Акылай: Мен го жакшы... Озунчу? Эмне болду сага? Чалбайсын? Же трубканы алып жон жайынды айтып койбойсун?
Арген: Ооба, билем... Иштер бар болчу...
Акылай: Айылга кетем деп айткан эмес элен го?
Арген: Акылай, бул жонундо анан шашпай суйлошпойлубу?
Акылай: Анан? Сен кайра жок болуп кетсенчи?
Арген: Жок. Бугун жатаканада элесинби?
Акылай: Ооба андан башка каякта болмок элем. 
Арген: Мен сага озум чалып коём.
Акылай: Сен? Мага чалып коёсунбу?
Арген: А эмнеси бар экен?
Акылай: Менин номерим жок дегенде эсиндеби?
Арген: Сенин номеринди мен уктап жатып дагы айтып берем.
Акылай (кулуп):  Ушул айтканын чынбы бугун текшерип коробуз!
Акылай тамагын ичип бутуп Ордунан туруп кетмекчи болот.
Акылай: Тамагынар таттуу болсун, мырзалар! А сен чалып койгонду унутпа!
Акылай кетет.
Алтынбек: Силер кадимкидей эле уй-було болуп калгансынар го!
Арген: Уйлонууго шашпа, брат! Шашпа! Дагы коп нерсеге жетишесин!
Алтынбек: Силерди карап туруп азыр эмес негизи эле уйлонгум келбей калды...
Кечки саат 20:25. Арген Жатакананын алдынан Акылайга телефон чалат.
Арген: Алло, Акылай! Мен жатакананын алдындамын... 5 мунот... Андан ашып кетсе ырдап бересин... Мейли... Беседка жака келе бер...
 Жатакананын алдындагы беседкада Арген тамеки чегип отурат. Арген терен ойго чомулгон. Анын ойу томонкучо эле: Арген уйундо. Китеп койгон текчеден бир китеп издеп жаткан. Колунан кокусунан китептер тушуп кетет. Ал отуруп китептерди чогултуп жатып бир папкадан чачылып кеткен документтерди чогулта баштайт. Бираз кызыгып бир эки бумаганы окуп калат. Бир документ бумаганы окугандан кийин эле катып калат. Оюна ар кандай жаман нерселер келе баштайт. Наркы болмодон Жанара аттуу эжеси таракты сурап келип калат. Ал Аргендин тигил бумаганы кармап турганын коруп токтоп калат.
Арген: Жанара, эже, бул чынбы???
Ошол замат Аргендин оюн Акылайдын уну бузат
Акылай:  5 мунотко жеткен жок го дейм...?
Арген: Фарфырап алгансын го! Мен учун эле жасандынбы?
Акылай: Сенден башка дагы ким учун жасанышым керек эле...?
Арген: Андай болсо эл жок жактарга сейилдеп келбейлиби?
Акылай: Баягы эле Экономика жакабы?
Арген: А ал жак сага жакпайбы?
Акылай: Жагат, бирок ал жакты эл жок жер деп айта албайм. Жетелеше баскандардын баары эле ошол жакта.
Арген: Ал жетелешип баскандардын биз менен иши да жок. Жур кеттик...
Экоо жетелешип кетишет. 10 муноттон  кийин экономика факультети жакта.
Акылай: Эми создун ачыгын баштайлы, Арген! Эмне болду сага? Сен баягыдай эмессин, озгоруп кеттин.
Арген: Жок, сен жаныласын. Баары эле баягыдай.
Акылай: Сен канчалык мени алдагын келсе да баары бир коздорун сени сатып турат. Айтчы, эмне болду?
Арген: Эч нерсе болгон жок дейм.
Акылай: Арген, мен озумду сенин эн жакын адамынмын деп эсептейм. Болгон сырынды мени менен болушпогондо ким менен болушосун? (пауза) Эмне унчукпайсын? Окуунда проблема барбы? Же уйундобу? Суранам суйлошчу мени менен.
Арген: Эч нер-се бол-гон жок. Уктунбу? (Узун пауза)
Акылай: Биз экообуздун жургонубузго 7 айдын жузу болду. Мен сага жолукканга чейин эч бир жан менен суйуу даамын татып коргон эмесмин. Мен оз жашоомдо болуп жаткан нерселерди кандай билсем сен дагы ошондой билесин. Анткени менин козум сенин козун. Мен баардык жакшылык жамандыктарымды жалгыз сенин демилген менен гана женип келе жатам. Мен сага кандай мамиле кылсам сенин дагы ошондой жооп кайтарышынды кутом. Эмне учун сен мени туртуп жатасын? Менин сунган колумду сындырып атасын... Эмне болду? Адам жондон жон...........
Арген: Мага эч нерсе болгон жок!!! Эмне учун силер бироонун жашоосуна кийлигишкенди жакшы коросунор? Же силерге озунордун маселенер аздык кылып атабы? Мен силерден жардам сурадымбы? Сурадымбы??? Бул менин жашоом. Сеники да эмес, Нурсултандыкы да эмес!!! Менин!!! Мен озуммдун проблемаларымды  озум чечууго кучум жетет!!! А силер кийлигишпегиле!
Акылай чоочуп унчукпай туруп калат. Арген тетир карап, чонтогунон тамекисин алып чыгып куйгузот. Акылайдын козунон бираз жаш кеткенсийт. Бирок Акылай аны колу менен суртуп корсотпоого аракет жасайт. Паузадан кийин Акылай акырындан унун чыгарып созду баштайт.
Акылай: Билесинби, мен жашоомду сенсиз элестете алчу эмессмин. Атам коз жумгандан кийин бул жашоодо жалгыз сен менин таянып калаар аскам болчусун. Ал кун дагы кечээкидей болуп коз алдымда турат. Ал кун башка кундордон айырмасы жок кадимкидей эле башталган. Эртен менен туруп кийинип, жуунуп, чай ичип окууга жонодум. Окууда курбу кыздар менен убакыт бат отот эмеспи, бат эле туш болуп калды. Андан кийин бизде информатика сабагы болчу. Телефонум кайра-кайра чалганынан очуруп койгом...            
Информатика кабинети. Сабак болуп атат. Акылайдын телефону чалат.
Акылай: Кечиресиз...
Телефонун очуруп коёт. Бираздан сон дагы чалат.
Акылай: Кечиресиз эже...
Телефонун такыр эле очуруп таштайт. Сабак бутуп кабинеттен чыгышат. Акылай телефонун куйгузуп караса 3 смс келген экен. Ачып окуйт.
Акылай: ... анан жанагы жазуу болуп жатпайбы....
Акылай чыдабай ыйлап ийет. Арген Акылайды кучагына алат, сооротот. Акылай бираздан сон жашын суртуп созун улантат.
Акылай: Ошол убак менин жашоомдогу эн кыйын сыноо болду. Мен эч ким менен суйлошкум келген жок. Эн жакын досторум, туугандарым, курбу кыздарым, айылда чогуу окуган классташтарым... Эч ким менин жарамды айыктыра алган жок. Бирок, Кудайдын буйругу менен менин жашоомдо сен пайда болдун. Мага жолок болуп бердин, мени колдодун. Суугума чогуу ушуп, ысыгыма чогуу куйуп журдун. Сен мага экинчи дем бердин. Мени кайрадан жашоого уйроттун. Мен сенин мага кылган бул жакшылыгынды  эч качан унутпайм. Унуткум да келбейт. Эгерде сен болбосон ким билет менин жашоом кайсыл нукка бурулуп кетээрин? Рахмат сага... Баардык кылган нерселерин учун рахмат...
Арген: Акуся, ыйлабачы... Мени карачы... Бизде баары жакшы болот. Уктунбу? Эч качан угуп атасынбы эч качан менин сага болгон суйуумдон кумон санаба. Мен, сен, туболукко биргебиз. Биздин от эч качан очпойт. Акылай, мен сени чексиз суйом.
Акылай: Мен дагы сени суйом!
Арген Акылайды кучагына алат.
Акылай: Арген, мени эч качан коё бербечи. Мени эч кимге бербечи. Мен жалгыз сени менен болгум келет.
Арген: Мен сени бироого тарттырып ийгиче озумду озум жардырып ийбейинби. Болду эми... Ыйлаба... Кана кулуп койчу.
Акылай бираз жылмаймыш болот.
Арген: Жок, Акуся бул жарабайт. Жакшылап. Чын-журоктон. Сенин кулкун бул дуйнодогу эн жагымдуу обон экенин билесинби?
Ошондо Акылай жакшыраак кулот.
Арген: Ооо, мына бар турбайсынбы! Кана дагы бир жолу....
Акылай дагы кулот. Арген дагы аны коштоп кулот.
Арген: Акуся, эми айтчы! Биз уйлонгондо мен сени ала качайынбы же ачык эле алып кетейинби?
Акылай: Биз эмне уйлонгон атабызбы?
Арген: Жок, азыр эмес. Бирок эртеби кечпи Кудай буйруса уйлонобуз да. Ошондочу? Ала качайынбы же ачык эле алып кетейинби?
Акылай: Андай болсо ачык эле алып кетесин го дейм.
Арген: А ата-бабалардан калган салтчы?
Акылай: Жок. Элестетсен мени которуп буктоп эле машинеге тыгып жатышканын. Мен андай салтты кабыл албайм. Азыр 21-кылым. Жапайычылыкка орун жок. Адамдарда укук деген бар. Аны тебелеп тепсоого эч кимдин укугу жок. Ошондуктан ачык айкын эле алып кетишинди каалайт элем.
Арген: хахаха Аябай катуу кеттин го... Мен сени баары бир ала качам. Сени эч ким которуп буктоп машинеге салбайт. Озум эле акырын жанына келем дагы моминтип которуп алып качып жонойм.
Арген Акылайды которуп алып тегеренип кирет. Экоо тен кулуп бактылуу. Нары жакта Мирлан менен Альбина ээрчишип журушкон.
Мирлан(Альбинаны чачынан сылап): А балким ошол менин бактым сен болуп журбо?
Альбина: Балким...
Мирлан: Альбина,  мен сени суйом!!!
Мирлан жакын келип Альбинаны опмокчу болот. Бирок Альбина назданып нары басып кетет.
Альбина: Мирлан, экообуздун таанышканыбызга болгону 1 жума болду. Мамиле тузууго али эрте го дейм...
Мирлан нары жактан Арген менен Акылайды коруп калат. Тетири басып кетет да кайра кайрылып чонтогунон тамеки алып чыгып куйгузот.
Мирлан: Ооба. Сен туура айтасын мен шашып койдум. Кечир! Мен азыр бир жакка барышым керек эле...
Жатакананын алды. Саат 22:40. Арген менен Акылай жетелешип келишет.
Арген: Бугунку кундун озгочолугу: биздин мамиле дагы бир тепкичке которулду. Ал эми окунучтуусу: бугунку кундун бутушу.
Акылай: Эртенки кунду чыдамсыздык менен кутом. Бир гана сени коруш учун.
Арген: Тунун бейпил болсун, жаным!
Акылай: Сенин дагы!
Акылай кирип  кеткенче Арген сыртта карап турат. Кирип кеткенден кийин, тамекисин алып чыгып куйгузуп туруп калды. Ошол убакта Нурлан жатаканага кирип бараткан

Нурлан: Таштасан боло ушуну!
Арген: Жакында, Нуке, жакында! Соссуз... 
Эртеси. Саат 10:30. Экономика факультетиндеги кантин. Айжамал китеп окуп отурат. Мирлан келет.
Мирлан: Привет, Айжоми!
Айжамал: Оо, привет!
Мирлан: Жоми, Баханы коргон жоксунбу?
Айжамал: Жок.
Мирлан: Кантинде болом деген жаны эле. Жок го...
Айжамал: Билбейм. Жанаатан бери эле олтурам. Бирок Баха келген жок бул жакка.
Мирлан: Кана, кана эмне окуп атасын?
Айжамал: Тарых. Чынгызхан. Экзаменге даярдык.
Мирлан: Ёоо  мен дагы окуп коюш керек эле...
Мирландын телефону чалып калат. Ала койсо эле маяк экен.
Мирлан: Айжоми, берчи бир чалып алайын.
Айжамалдын телефонун алат.
Мирлан: Сенде Баханын номери барбы?
Айжамал: Бар болчу карап корсон...
Мирлан номерлерди карап баратып Аргендин номерин коруп калат. Бираз ойлонуп туруп озуно кочуруп алат. Бахтиярга чалат.
Мирлан: Алло, каяктасын? Кантинде  болом дебедин беле? Каякта? Хорошо, азыр барам.
Телефонун берет. Тушку убак. Арген менен Нурсултан тамактанып алыш учун жатаканага келе жатышкан.
Нурсултан: Сен кирип тефалга суу коё берчи. Мен азыр чай алып барам.

Арген жатаканага Нурсултан кантинге кирип кетишет. Арген эшиктин жанына келип чонтогунон кулучту алып чыгат. Эшикти эми ачайын дегенде телефону чалат. Ал Мирлан.
Арген: Алло!
Мирлан: Салам алейкум!
Арген: Алейкум салам! Ким бул?
Мирлан: Менин ким экендигим сен учун сыр бойдон кала берсин. Сен Аргенсин да туурабы? Акылайдын жигити болосунбу?
Арген: Ооба! А сага эмне керек?
Мирлан: Мени бир нерсе абдан кызыктырат.
Арген: Сени кызыктырган нерсе менен менин ишим да жок.
Мирлан: Жок, жок сен жаныласын! Бул сага жана Акылайга тиешелуу...
Арген: Сен эмне деген турасын?
Мирлан: Сен атырылбай акырын ук, а мен сага баарын шашпай айтып берейин. Суйлоштукпу?
Арген: Эгерде сен тараптан жок дегенде бир туура эмес соз чыксын, мен сени жердин тубунон сууруп чыгам. Уктунбу?
Мирлан (кулуп): Суйлоштук. Анда мындай: Биринчиден Акылай сени суйбойт...
Арген: Эмне?!
Мирлан: Токто, токто! Мен сага азыр баарын тушундуруп берем. Эмнеге дегенде сен алгачкы таанышуунарды эстечи! Силерди ким тааныштырды эле? Нурсултан! А эмне учун тааныштырды эле? Анткени ошол убакта Акылайдын жашоосу абдан оор абалда болчу. Анын атасы каза болгон, эгерде сенин эсинде болсо. Ошондуктан Акылайдын жанында жургон бироо керек болчу. Бирок тилекке каршы Акылай группалаштары менен дагы, достору менен дагы суйлошкусу келген эмес. Ошондо Нурсултан ары ойлонуп бери ойлонуп сени жиберген. Сен бат эле Акылайдын тилин таап кеттин. Демек, Нурсултандын ойу ишке ашты десек болот. Бул биринчиден. Экинчиден: Кандай деп ойлойсун Акылай сени суйобу? Жок. Чындыкка тике караш керек, Арген. Сен Акылайга мындайча айтканда экинчи жашоо болуп бердин десек деле болот. Аны Акылай эч качан унутпайт. Эгерде ал атасынын кайтыш болушун туура кабыл алып, кайра жашай баштаганда сени менен жон эле дос бойдон калалы десе сен кандай кабыл алат элен? Мына кордунбу. Мен сенин башынды оорутуп отурбай мындайча айтайын: Акылай сага карыз. Кудай бетин ары кылсын бирок эртеби кечпи ар бирообуздун башыбызга кыйынчылык тушот. Мына сенин башына кыйынчылык тушкондо Акылай жанында болот. Сага жардам берет. Так гана сен Акылайга оз убагында жардам бергендей. Ошондо гана ал озунун карызынан кутулат. Сенден бошойт. Ага чейин сени менен болот. Баса, дагы бир айта кетчу нерсе: Акылай сенден эчак эле кетмек, Анын сени менен калышын ким ойлоду дейсин? Албетте, сенин эн жакын досун Нурсултан! Анткени ал сени тааныштырып жатканда сенин Акылайды мынчалык суйуп калышын Нурсултан пландарына кирген эмес.
Арген: Калп, мунун баары калп! Сен кимсин? Атын ким?
Мирлан:  Менин айткандарым калппы, чынбы Акылай менен Нурсултандан сурап ал!
Телефон очот. Бираз убакыт откон сон болмого нан которуп Нурсултан кирет. Арген стулда отурат. Столдун устундо телефон.
Нурсултан: Чай койгон жоксунбу?
Арген: Акылай экообузду кайсыл максат менен тааныштырдын эле?
Нурсултан: А эмне болду?
Арген: Мен сурап атам. Акылайды ойлоп эле тааныштырдын беле?
Нурсултан: Арген, мен сени тушунгон жокмун!
Арген: Акылай экообузду СЕН тааныштыргансын, болгондо да атасы каза болгондон кийин тааныштыргансын! Эмне учун ага чейин эмес? Анткени  анын зарылчылыгы жок болчу. Туурабы? Сен мени жон эле колдондун! Бирок менин Акылайды суйуп калаарым сенин ойуна да келген жок Да... Туурабы?
Нурсултан унчукпастан терезени коздой басып кетет.
Арген: Эмне унчукпайсын? Суйлоорго соз жок да э? Эми мен баарын билем! Акылай каалаган куну мага кол булгалап кете берет. Мен силер учун жон эле буюм турбаймынбы! Эгерде сен болбогондо... Мунун баарына сен куноолуусун, Сен!!! Угуп атасынбы мени?
Арген Нурсултандын ийининен тартат. Нурсултан шарт кайрылып Аргенди колго чабат.
Нурсултан: Эмнеге мен? Ооба мен сени Акылай менен тааныштырдым. Сен Акылайды суйосун, ал да сени суйот. Сага дагы эмне керек?
Арген Нурикти жакадан алып керебетке такайт.
Арген: Калп айтпа мага!!! Акылай экоонордун ушул убакытка чейин калп айтып келгенинер жетет.
Нурсултан: Тарт колунду.
Арген: Тартпайм!!! Мага чындыкты айтмайынча тартпайм!!!               
Арген Нурикти жулкуп ийет. Нурик Арген колго чаап бошонот да Аргенди нары туртот.
Нурсултан: Мен сага да Акылайга да....
дегенче болбой Арген Нурсултанды керебеттин устунку жана астынкы кабаттын ортосуна киргизе тебет. Нурик кайра ыргып туруп Аргенди тумшукка бир коёт да демин жыйнап токтоп калат. Арген кулап тушот.
Нурсултан: Мен сага да Акылайга да эч качан жамандык каалаган эмесмин!!! 
Нурсултан футболкасын суртуп сыртка чыгып кетет. Арген ордунан туруп ары басып бери басып столдун устундогу телефонду алат да Акылайга чалат.
Арген: Алло, Акылай! Каяктасын? ... Бугун бошсунбу? ... Соз бар!  ... Анан кечинде айтам. Анда кечинде жолугабыз...  Пока!
Кечки маал. Алтынбек Ош базарынан келе жаткан. Беседкада Альбина отурат. Ал Мирланды кутуп жаткан. Алтынбек беседканын жанынан отуп баратып, Альбинага козу тушот. Жакын келет.
Алтынбек: Бироону кутуп атасызбы?
Альбина: Тушунгон жокмун?
Алтынбек: Бироону кутуп атасызбы дейм?
Альбина: А…, Ооба. Кечиресиз а биз таанышпызбы?
Алтынбек: Азырынча жок. Мен сизди буга чейин корбоптурмун го!?
Альбина: Мен деле сизди корчу эмессмин!
Алтынбек: Сиз бул жакта окуйсузбу?
Альбина: Ооба бирок бир жыл академический алгам!
Алтынбек: Ааа.... (саатын карап) Каршы болбосонуз тамактанып келбейлиби?
Альбина: Кечиресиз бирок мен азыр бироо менен бармакмын.
Алтынбек: Жигитинизби?
Альбина: Келечекте балким...
Телефонун алып Мирланга чалат. Мирлан Альбинага шоколад ала барайын деген ой менен Кантинге кирет. Трубканы алат.
Мирлан: Алло, мына Жанка! Мен азыр баратам! 5 мунот.
Трубканы коёт. Кантинден эми шоколад алып чыгып баратса Акылай келе жаткан болот.
Мирлан: Привет, Аку!
Акылай: Привет! Мика, сураныч жур мени менен отуруп турчу.
Мирлан: Ий? Эмне болду анчалык?
Акылай: Азыр подружкам чыкканга чейин.
Мирлан: Ааа... Мени эшикте...
Акылай: Мика, пожалуйста!
Мирлан: Мейли, а  бул сага баса (Альбинага деп алган шоколадды бере салат).
Беседка.Альбина менен Алтынбек.
Алтынбек: Мен сизди мынчалык куттурмок эмесмин!
Альбина: Эми башкаларды дагы тушуно билиш керек да.
Алтынбек: Ошондой болсо дагы. (Пауза) Эми ал адам чыкканга чейин мен сиздин конулунузду которгончо ырдап берип турбаймынбы. 
Артындагы гитараны колго алат.
Алтынбек: Анда эмесе Таалай Бектурганов! Дуркуругон кол чабуулар менен тосуп алыныздар.
Тамашалаганча Бектургановдун ырларын созолонтуп кирет. Алтынбек ырдап жатканда Альбинанын телефонуна смс келип тушот. Ачып окуса "Кечир, Жан! Зарыл иштер чыгып калды. Тамагын даамдуу болсун. Мирлан." деген жазуу болот. Алтынбек ырдап буткондо...
Альбина: Жакшы ырдайт экенсин. Бир суроо: Тамактанып келбейлиби деген сунушун али оз кучундобу? (Алтынбек унчукпастан кулуп коёт.)
Кечки саат 22:20. Теннистик корт. Арген тамеки чегип турат. Акылайга телефон чалат.
Арген: Алло, Аку! Мен теннистик корттомун. ... Ушул жакта болом. ... Мейли... Эртерээк кел!
Арген ойлонуп калат. Аргендин ою: ... Эжеси жакын келип жердеги документтерди жыйнап алат.
Жанара: Арген, баары жайында! А бул жон эле доктурлардын катасы. Мындай жанылыштык алардын кесибинде боло берет.
Арген: Силер апамдын ооруканада жатканын жон эле ден-соолугун чындап атат дебединер беле!
Жанара: Ооба так ошондой! Арген, сен окуунду ойло! Апабыз болгон кучун жумшап сени окутуп атат. Апамдын  ишенич артканы жалгыз сенсин. Уктунбу?
Арген: Уктум!
Жанара Аргенди кучактайт.
Жанара: Баары жакшы болот.    
 Ошол убакта Акылай келип калат.
Акылай: Арген, бул эмне свиданиеби?
Арген: Жок! Андай эмес... Тилекке каршы! Акылай, кел мындай суйлошуп алалы! Мен ачык эле сурайм! А сен ачык эле жооп бересин! Макулбу?
Акылай: Макул.
Арген: Сен мени менен эмне учун журосун?
Акылай: Кандайча эмне учун? Суйгон учун журом да.
Арген: Калп, мен билем сен мени менен эмне учун журосун!
Акылай: Бул калп болсо анда эмне учун  сени менен журот болдум экен?
Арген: Жок, Мен чындыкты оз оозунан угушум керек. Акылай, сен мени менен карыз учун эле журосунбу?
Акылай: Карыз? Кайсы карыз?
Арген(жиндене): Калп жинди болбочу, Акылай! Эсиндеби экообуздун журуп баштаганыбыз? 7 ай мурун. Сенин атан каза болгондо мен сен учун экинчи дем болуп бергем. Ошон учун сен озунду карызы бардай сезесин. Андай болбосо....
Акылай Аргенди жаакка бир чабат.
Акылай: Мен сенден эмнени кутсом да мындайды куткон эмесмин. (ыйлаган бойдон кетет).
Нары жакта Нурсултан чуркап жургон. Ал экоону корот. 22-болмо. Тунку саат 00:45. Болмого Нурсултан кирет. Баары уктап жатышат. Бир гана Эламан китеп окуп отурат кире бериште. Свет очук.)
Эламан: Каяктан сен тун жарымда?
Нурсултан: Балдар менен кино коруп атканбыз. Баары жатып алдыбы?
Эламан: Жаны эле жатышкан. (Нурсултан Аргендин кийимчен жатканын корот.)
Нурсултан: А эмне Арген кийимчен жатат?
Эламан: Сайынып алыптыр кайра.  Чечиндирбей эле жаткызып койгонбуз!
Нурик душка кирип кетет. Раковинага бети-колун жууйт. Кузгуну бираз карап туруп калат. Анан дубалды бир уруп душтан чыгып кетет.
Эртеси. Саат 17:15. Альбина менен Алтынбек дукондон келе жатышкан. Постто бир кыз отурат. Очки тагынган. Ал Каныкей эле.
Замир: Чон кыз, кечиресиз! Бирок болбойт дедим го. Такыр киргизе албайм.
Каныкей: Байке, сураныч мага абдан керек.
Замир: Дагы бир жолу кайталайм мен жаны эле ичинде отургандарга чалдым. Эгер бар болсо азыр чыгыш керек. А сиз ким болосуз?
Ошондо Алтынбек менен Альбина отуп бараткан болот.
Замир: Алтынбек, токтосон! Сен Мирланды тааныйсынбы?
Алтынбек: Кайсы? Сарыныбы?
Замир: Жок. Жанагы Качырбаевди?
Алтынбек: А жок байке! Тааныбайм...
Альбина: Мен тааныйм. А эмне керек эле?
Каныкей: Чон кыз, сизде номери барбы?
Альбина: Жо-ок... Кечиресиз...
Каныкей: Ал озу азыр каякта билбейсизби?
Альбина: Жок. Билбейм...
Замир: Чон кыз, эгерде коруп калсаныз айтып коёсузбу бул жакка келсин!
Альбина: мейли. Коруп калсам созсуз айтып коём.
Экоо кетишет. Анын артынан эле Нурсултан келип калат.
Нурсултан: Ассалоум алейкум!
Замир: Алейкум салам! Нурик, Мирлан каякта билбейсинби?
Нурсултан: Кайсынысы? Сарыбы же...
Замир: Качырбаевди?
Нурсултан: А жок, байке. Билбейткемин.
Каныкей: А номери жокпу сизде?
Нурсултан: Бар, бирок телефон болмодо.
Каныкей: Сиз досу болосузбу?
Нурсултан: Ооба, досу болом. Чай ичесизби?
Каныкей: Ичет элем бирок мени киргизбейтат.
Нурсултан Замир байкеге кайрылат
Нурсултан: Байке, кантинге эле...
Замир(кулуп): Бир нерсе болсо озун жооп бересин!
Нурсултан: Рахмат, байке! Журунуз!
Экоо кетишет. Кантин. Экоо чай ичип отурушат.
Нурсултан: Демек сен Мирландын алгачкы суйуусу болосузбу?
Каныкей: Ооба. Мен азыркы окуяны сага чейин эч кимге айткан эмесмин....  Дагы бир жолу чалып корчу балким аппаратын куйгузду!
Нурсултан Мирланга телефон чалат. Бирок телефону очук. Телефондун унун чонойтуп Каныкейге угузат. Каныкейдин телефону шынгырап калат.
Каныкей: Алло, Иштер менен журом... А эмне болду?... Азыр барам, апа! (Телефонун очуруп коёт)
Каныкей: Балан, ыйлап атат уйго келбейсинби дейт.
Нурсултан: Сен ажырашып кеттим дебедин беле?
Каныкей: Жок, сен тушунгон жоксун. Бул озумдун апам. Мен анда барайын. А сен Мирланга баарын жакшылап тушундуруп берип коёсунбу?
Нурсултан: Ал сага созсуз чалат. Соз берем.
Каныкей: Рахмат...
Ошол куну кечинде. Саат 21:00. 22-болмо. Арген Акылайга телефон чалып атат. Акылай менен Мирлан Экономика факультети жакта жургон.
Мирлан: Акуся, сен ага анчалык кайгырбай эле койчу. Мен сага айтпадым беле ал сага татыктуу эмес деп.
Акылай: Билбейм, Мирлан, билбейм. (Акылайдын телефону чалат.)
Акылай (наушниктен эле) : Алло!
Арген: Алло, Акылай! Суранам сенден...
Акылай: Арген, болду мага чалба, жазба дебедим беле.
Арген: Уксан, Акылай!
Акылай: Жок, Арген! Эч нерсенин кереги жок. Болду!(Телефонду очуруп салат.)
Мирлан: Эмне мен суйлошуп коёюнбу?
Акылай: Жок, кереги жок.
Мирлан: Акуся, айтчы эмне кылайын? Сенин битта созун мен учун катта майрам дегендей...
Акылай кулуп коёт. Телефон кайра шынгырайт. Алып караса Арген. Акылай ойнуп туруп трубканы Мирланга берет.
Мирлан: Алло!
Арген: Алло, ким бул?
Мирлан: А сага ким керек эле?
Арген: Мага Акылай керек. А сен кимсин?
Мирлан: Мен Акылайдын жигити болом.
Арген: Жигити? Кайсы жигити? Менмин Акылайды жигити!
Мирлан: Эгерде сен Акылайдын жигити болсон, анда эмнеге Акылай менен азыр сен эмес мен журом?
Арген: Каяктасын айт эркек болсон! Мен азыр барам!
Мирлан: Керекпи таап ал! Алыс деле эмес. Баса, биз буга чейин суйлошконбуз. Сен мени жакшы эле билесин! Жакшылап ойлонуп корчу!
Мирлан трубканы коюп коёт. Арген жинденип ары басып бери басып, токтоп калат. Баякы телефон чалууну эстейт. Экоонуку бир ун экенин тушунот. Устуно спортивкасын кие коюп сыртка ыргып жонойт. Акылайды коргон жоксунбу деп ар кимден сураштырып кирет. Биринчи стадион жакты корсотушот. Стадиондогулар Экономика тарапты корсотушот. Стадиондон чыгып Экономиканы коздой жонойт. Акылай менен Мирланды алыстан тааныйт. Муштумун туйуп жинденип келет.
Арген(кыйкырып): Мирлан!!!
Мирлан  караганда эле тумшукка бир коёт. Дагы бир эки жолу ургандан кийин экоо кармашып кетип чоптун устуно жыгылышат. Арген Мирландын устуно чыгып алып ургулап жатканда, Акылай "Арген, токтот" деп кыйкырып Арген алайын дегенде Арген байкабастан Акылайды уруп алат. Акылай чоптун устуно кулап тушот. Озун озу Эми кармаган Арген эмне кылып ийгенин тушунуп Акылайды карап токтоп калат. Ошол моменттен колдонуп Мирлан Аргенди которуп чаап устсно чыгып алат. Мирлан Аргенди бир эки муштаганда эле Акылайдын кыйкырыгынан токтойт.
Акылай: Мирлан, болду жетишет! Кеттик!
Экоо туруп кетишет. Кетип баратканда Арген ордунан турат.
Арген: Акылай!!! Укчу мени! Акылай токтоп калат
Арген: Баарына жанында турган Мирлан куноолуу. Мен эмес! Мен сага айткан нерселерим учун кечир! Бирок бул жерде мен жон марианетка болуп калдым. Акылай, Ишенчи мага!!!
Акылай Мирланды бир карап Аргенди Бир карап Аргендин жанына басып келет.
Акылай: Арген, мен сага ишенчимин! Мен сага озумо ишенгендей ишенчимин. Кечээки айтканынды кечирууго кучум жетмек, эгерде сенин ушул кылыгын болбосо! Болду, Арген! Экообуздун ортобузда эч нерсе жок!
Акылай кайрылып Мирландын жанына келет.
Акылай: Жур, Мирлан! Кеттик!
Экоо узап кете беришет. Арген Арттан бир эки жолу "Акылай!!!" деп кыйкырат да ошол боюнча тынчыйт
Жатакана. Саат 23:30. Алтынчы кабат. Арген тамеки чегип отурат. Жанында шприц, резинка. Ойлуу. Аргендин ойу: Оорукана. Арген халат жабынып пакет которуп коридорго кирет. Медсестра бир нерсе жазып отурат. Арген жакын келет.
 Арген: Саламатсызбы!
Медсестра: Саламатчылык! Сиз кимге келдиниз?
Арген: Гулмира Акматовага келдим эле. Ал менин апам болот.
Медсестра: Гулмира Акматова 7-палатада.
Арген: А бул сизге. (Пакеттен шоколад алып чыгып столдун устуно коёт.)
Медсестра: Рахмат! (Кулуп коёт).
Арген барып 7-палатага кирет. Апасы гезит окып жаткан болот. Кучакташып учурашышат.
Арген: Апа! Кандайсыз, апа! Ден соолугунуз жакшыбы?
Гулмира: Арген, ананайын балам келдинби? Мен озун коргондой. Жатам.. Жакшы эле баары. Озун кандай? Окуун болуп атабы?
Арген: Ооба, Апа! Окуум жакшы! Жакшы окуп атам.
Гулмира: Оку балам оку! Окуу керек. Окуш керек. Жанара кандай?
Арген: Жанара эжем жакшы иштеп атат баягы эле жеринде! Апа, врач эмне дейт?
Гулмира: Врач эмне демек эле! Абалын оор дейт. 3 жуманын ичинде опперация кылыш керек дейт. Антпесе мындан ары кучоп кетет дейт. Ал кучоп кетсе бутту, опперация дагы жардам бере албай калышы мумкун экен.
Арген: Опперация кандай отот дейт? женил элеби?
Гулмира: Колдон келгенин кылышат да, балам. Бирок, мээ учугу оюнчук эмес да...
Аргендин ойун Нурсултандын ойу болот.
Нурсултан: Салам, брат!
Арген: Алейкум! Кел отур.
Нурсултан отурат
Нурсултан: Сен кандай?
Арген: Жарайт.
Нурсултан: Брат, мен сенден кечирим сурайын деган баягы кунку учун. Мен...
Арген: Жок, Нурик! Куноо менде. Мен озум ар кимге ишенип... Кыскасы Мирлан мунун баарына куноолуу. Кечир, брат!
Нурсултан: Кандайча Мирлан куноолуу?
Арген: Сен кантинге кеткенде мага бироо чалган. Унун тааныган жокмун. Акылай экообуздун таанышканыбыздан бери бут айтып берди. Аягында мунун баарына сени куноолуу кылып чыгарып койду. А мен жинди сага ишенбей, Акылайга ишенбей...
Нурсултан: Мен Акылай менен суйлоштум. Ал мага айтты баарын.
Арген: Акылай мага ишенбей калган.
Нурсултан: Ал сага эми ишенет... Мирлан куноолуу дечи... Арген, ал го мейли отту кетти дейли... А сенчи? Сен озун? Эмнеге муну кайра баштап алдын?
Арген: Апам катуу ооруп атат. Мээсинде учук бар экен. Жакын арада опперация кылбаса кучоп кетет дейт. Озум жакында эле билдим.
Эртеси, тушку маал. Мирлан Класстардын биринде пианино чертип отурган. Нурсултан кирет.
Нурсултан: Мен сени издеп журом.
Мирлан: Суйло издеп журсон!
Нурсултан: Бул эмне кылганын, Мика?
Мирлан: Тушунгон жокмун?
Нурсултан: Мен Арген жонундо айтып атам.
Мирлан: Тагыраак айтчы!
Нурсултан: Тагыраакпы? Анда ук! Аргенге телефон чалган сен, куноонун баарын мага уйгон сен, Акылайга калп айткан сен, менин атымды тепселеген ал дагы сен! Мына буга эмне дейсин эми?
Мирлан: Эми мен  айтайын. Нурик, биз кечээки кичинекей балдар эмеспиз. Бул биздин жашоо, чындыкты кабыл алыш керек. Мен эмне оз суйуум, оз бактым учун курошконго акым жокпу? Ооба Аргенге мен телефон чалгам! Биринчиден Аргенди оюндан чыгарыш керек болчу. Экинчиден: Ооба куноонун баарын сага уйгом. Озун билесин созсуз турдо четте турган бироо куноолуу болуш керек. Бул жолу ошол четте турган адам сен болуп чыктын. Учунчудон: Ооба Акылайга калп айткам. Эгерде мен Акылайга болгон нерсенин баарын ачыктан ачык айтып салсам, кандай болот эле? Ал эми сенин тепселенген атын боюнча, кечир!
Нурсултан: Сен уч адамдын достугун, эки адамдын суйуусун олтургонунду билесинби? Сен оз бактым учун, оз суйуум учун курошом дейсин. Мен Акылайды 1-классыман бери билем. Сен ал адам менен бактынды кура албайсын.  Акылай Аргенден башка адамды суйо албайт...    Суйуу татаал нерсе
Мирлан: Сен суйуу жонундо эмне билесин? Суйуудо колунда бар куралдын баардыгын колдонсо болот. Байлык, бийлик, акча, жалган, куулук... Мындай нерсе менин озумдун мойнуман откон. Мен дагы бир кызды чын-журоктон суйгом. Ал дагы мени суйом дечи. Бирок, чыныгы жашоо кинодогудай эмес экен. СУЙУУ БААРДЫГЫН ЖЕНЕТ. Чыныгы жашоодо баары башкача. Суйуу байлыкка коз каранды. 
Нурсултан: Сен Каныкей жонундо айтып атасынбы?
Мирлан: Сен аны кайдан билесин?
Нурсултан: Каныкей сени суйот! Ал жатаканага келген сени издеп.
Мирлан: Жок. Сен жанылышасын! Ал куйоого тийип кеткен!
Нурсултан: Ал кайра ажырашкан!
Мирлан: Сен калп айтасын! Ишенбейм!
Нурсултан чонтогунон блокнотун алып чыгып бир барагын айрып алып Мирланга сунат.
Нурсултан: Бул Каныкейдин номери! Ал сенин чалып коюшунду абдан суранган. (чыгып бара жатып) Мен Акылай менен Аргенге баарын тушундуруп коём. А сен мындан ары жети олчоп бир кесип жур.
Нурсултан чыгып кетет. Мирлан номерди караган боюнча калат. Кечки саат 21:35. Стадионго Нурсултан чыгат. Стадиондон Акылайды козу менен издеп, трибунадан табат. Акылай жалгыз музыка угуп отурган. Нурсултан жанына барат.
Нурсултан: Кандайсын?
Акылай: Жакшы!
Нурсултан: Бироону кутуп атасынбы?
Акылай: Жок жон эле. Уктунбу кечээкини?
Нурсултан: Арген менен Мирландыбы? Уктум.
Нурсултан: А мен бугун чалсам суйлошуп алгансып Мирлан дагы Арген дагы трубканы албайт.
Нурсултан: Мен сага бир нерсе айтайын дегем... Арген жонундо...
Акылай: Айт.
Нурсултан: Кыскасы, Аргендин апасы катуу ооруп атыптыр. Мээсинде учук бар экен. Аргендин акыркы кундордогу журуш-турушун ушуну менен тушундурсо болот.
Акылай: Сага озу айттыбы?
Нурсултан: Бул создун баары эмес. Эми кечээки боюнча: Аргендин айткандары чындык болчу. Мирлан сени, мени, Аргенди баарыбызды алдаган.
Акылай: Мирлан??? Жок, жок мен буга ишенбейм.... Мирланга мунун эмне кереги бар?
Нурсултан: Мирлан сени суйот...
Акылай: Эмне дээримди дагы билбей турам... Мен Ушул убакка чейин дос катары эле коруп журсо...
Нурсултан: Акылай, мен сенден бир, эки нерсе суранат элем! Биринчиден: эч нерсени териштирип кереги жок. Ким, эмне учун мындай кадамдарга барды? Бул жерде ар кимдин озунун  себеби бар. Экинчиден: бул сураныч эмес, бул суроо. Бирок сен чын-журоктон жооп беришин керек. Сен Аргенди суйосунбу?
Акылай: Билбейм, Нурик! Акыркы болуп откон нерселерден кийин....
Нурсултан: Акылай, а сен аларды ойлобо. Козунду жум, терен дем ал,  сез, анан ошол сезиминди айт!
Акылай козун жумуп терен дем алат. Шашпай кайра демин чыгарат да, акырындан козун ачат.
Акылай(шыбырагансып): Суйом!
Нурсултан: Ал азыр беседка жакта отурат, жалгыз.
Акылай: Рахмат, Нурик! (Нурикти бетинен ооп беседка жакка кетет.)
Нурсултан: Баарын унут!
Акылай Аргендин жанына барат.
Акылай: Кандайсын, Арген? (Арген тан кала карайт)
Арген: Жакшы, озун кандай?
Акылай: Жакшы, бошсунбу?
Арген: Ооба. Бошмун.
Акылай: Суйлошо турган создор бар эле. Бираз сейилдеп келбейлиби?
Арген(кулуп): Эл жок жактаргабы?(Акылай дагы кулуп коёт)
Ошол эле убак. Мирлан тамеки чегип Экономика факультетинин артында ары-бери басып жургон. Мирландын колунда Каныкейдин номери. Мирландын ойу: Кошогонун артында Каныкей жоолукчан отурат. Мирлан кошогону тартат. Каныкей чоочуп тура калат. Аркы болмодо 2 жигит турат. Алар: Кубан менен Элдияр. Дамир жулунуп кирип келет. Торку уйго кирип баратканда Кубан токтотот.
Дамир: Бул биякта эмне кылып журот?
Кубан: Брат, Каныкей баары бир биз айткан нерсени айтат. Анда башка вариант жок. Озун билесин!
Дамир: Куба, мен сага жамандык каалабайм тур жолдон!
Элдияр: Дамир эс ал! Мунун деле коштошуп алганга укугу бар! Же эмне аялым качып кетет деп ойлоп атасынбы?... (Дамир унчукпай калат)
Мирлан: Мен сага келдим!
Каныкей: Эми мен сага эмне деп жооп беришим керек.
Мирлан: Жур кеттик мени менен!
Каныкей: Жок. Кете албайм.
Мирлан: Кете албайм?
Каныкей: Кетпейм.
Мирлан Диванга отурат.
Мирлан: Биздин жалындап куйгон суйуубуз ушинтип бутуп калабы? Биздин кыялдар... Ушинтип бир заматтын ичинде кулго айланып кетеби? Каякта азыр баягы сенин суйом деген создорун? Ал айткандарындын баары калп беле? А Каныкей? (кыйкырып ийет. Мирлан Каныкейди эки ийининен кыса кармайт.) Калп беле???
Ошондо наркы болмодо турган Дамир чуркап кирип Мирланды ийининен тартат.
Дамир: Токтот!
Мирлан Дамирди муштап ийет. Дамир жыгылат. Мирлан устуно чыгып алып урайын дегенде, Элдияр Мирланды которуп туруп четке ыргытат.
Элдияр: Болду! Жетишет! Мирлан, озун уктун, баары бутту! Сен аны бизден эмес оз оозунан уктун. (Элдияр бар кет эми дегендей башы менен шилтеп коёт. Мирлан ордунан туруп Каныкейди бир карап алат да чыгып кетет.)    Мирлан Каныкейге телефон чалат.
Мирлан: Алло, Каныкей... Бул мен Мирлан... Ооба... Нурсултан берди... Ооба айтты... Ажырашып кетууно эмне себеп болду?... Каерден, качан жолугалы?.... Эртен... Ооба билем... Созсуз...  Корушкончо... Мен дагы... сени сагындым... (трубканы коёт. Акырындан шашпай кулуп баштайт дагы бир сыйра жара каткырып алат. Чонтогунон тамеки алып чыгып куйгузуп атып алыстан Арген менен Акылайды корот. Бир жылмайып коёт.)
Акылай: Мен апан жонундо уктум.
Арген: Ким? Нурик айттыбы?
Акылай: Аха...
Арген: Баягыда озум айтайын дегем бирок, эмнегедир айта албай койдум...
Акылай: Эч нерсе эмес. А апан азыр каякта?
Арген: Мамлекеттик ооруканада!
Акылай: Барып атасынбы?
Арген: Кунуго...
Акылай: Эртен мен дагы барам сени менен
Арген: А сен эмнеге ал жакка?
Акылай: Келечектеги кайын-энем менен таанышып келбейинби! (Арген бир кулуп коёт.)
Арген: Демек, акыры ала качууга макул болдунбу?
Акылай: Эгерде суйуу кучтуу болсо айла жок макул болот экенсин!
Арген: Акылай, мени таштабачы! Ар дайым мени менен болчу. Мен сени жоготкум келбейт. Анткени, мен сенден башка эч кимди суйо албайм. Кечир, капа кылсам кечир, катуу суйлосом кечир . Мен сени эч кимге бербейм. Эч кимге... (Экоо кучакташып калышат.)
Акылай: Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм!
Эртеси. Мамлекеттик оорукана. 7-палата. Арген кирет. Гулмира адатынча эле гезит окуп жаткан.
Арген: Кандайсыз, апа!
Гулмира: Арген, Чырагым! Кел! Отур!
Арген: Кандайсыз, апа? Ден-соолугунуз жакшыбы?
Гулмира: Ден-соолук анча эмес. Опперация 4 кундон кийин болот.
Арген: 4 кундон кийин? Анан жакшы болуп кетесизби?
Гулмира: Азырынча эми Кудай деп туралы!
Арген: Булар сизге, апа! Дагы бир нерсе!
Гулмира: Ий суйло? Бир нерсе болдубу?
Арген: Мен сизди бироо менен тааныштырайын дегем.
Гулмира: Ким менен кокуй?
Арген: Азыр озунор коросунор! (Эшикке чыгып кетет да кайра Акылайды жетелеп кирет.)
Арген: Апа, таанышып алыныз! Келечектеги келининиз Акылай! Акылай, келечектеги кайын-энен биз учун Апа.
Акылай:  Саламатсызбы!
Гулмира: Саламатчылык, айланайын! Кел отур! Сен Арген менен чогуу окуйсунбу?
Акылай: Бир университетте окуйбуз бирок менин факультетим башка. Мен бух учётто окуйм.
Гулмира: Ааа, Бухгалтер болот турбайсынбы?
Акылай: Ооба ошондой. Мен алма-жузумдорду жууп келейин. (пакеттеги алма-жузумдорду бир табакка салат.)
Акылай: Кечиресиз, а сууну каяктан алсам болот?
Гулмира: Коридор менен ылдый баса берсен ошол жакта...
Арген: Келининиз кандай экен?
Гулмира: Бышык келин болчудай экен. (экоо тен кулуп алышат.)
Гулмира: Озу каяктык деги?
Арген: Колдук, апа!
Гулмира: Оо, кудага тушуш кыйын болуп калат го...
Арген: Апа, биз шашпай эле... Биринчи окууну бутуп алалы... Уй жай тургузуп алалы. Анан шашпай дагы жетишебиз! (Акылай келет.)
Акылай: Келиниз!
Арген: Сок куйуп берчи! (Акылай соктон куйуп Аргенге сунат.)
Арген: Жок мага эмес апама!
Эшиктен медсестра кирет.
Медсестра: Кечиресинер, азыр тихий час башталат. Биз эшиктерди жабабыз. Силер чыгышынар керек.
Арген: Азыр бир мунот!
Гулмира: Барагой, балам, барагой!
Арген: Апа, мен эртен келем. Саламатта калыныз!
Акылай: Саламатта калыныз, эже! Айыгып кетиниз!
Гулмира: Саламатта баргыла ананайындар!
Акылай менен Арген чыгып кетишет. Бираздан сон Гулмира аларды терезеден корот.
Гулмира: Балам чонойду. Эми оз жашоосун озу куруп кетууго даяр болуп калды.
Ошол куну кечинде. Ата-турк паркы. Мирлан бироону кутуп жатат. Колунда гул. Бираз убакыттан кийин ары жактан Каныкей корунот. Кундун кеч болгонуна карабай очкичен. Мирлан эмне кылаарын билбей эле туруп калат. Каныкей озу жакын келет.
Каныкей: Кандайсын?
Мирлан: Жакшы... А бул сага... (колундагы гулду сунат)
Каныкей(кулуп): Рахмат!
Мирлан: Мен бул жерде бир жакшы кафе билем. Каршы эмессинби?
Каныкей: Каршы эмессмин.
Экоо кафеде отурушат.
Мирлан: Сени ажырашып кетти деп уктум.
Каныкей: Ооба. Мен ажырашып кеттим... Мен баары бир бактылуулардын катарында эмес болчумун.
Мирлан: Коп болдубу?
Каныкей: 4 кун... (пауза)
Мирлан: А эмне себептен?
Каныкей: Мындайча айтканда жылдызыбыз келишкен жок.
Мирлан: Суроо берсем болобу?
Каныкей: Бер.
Мирлан: Сен ошондо мени менен кетпей койгондон кийин мен копко чейин озумо келе албай журдум. Бир убактарда ичип да кеттим. Окуудан ыргып кетейин дедим. Эмне учун мени менен кетпей койгонун азыркыга чейин табышмак.
Каныкей: Мирлан, мени кечир. Ал убакта жон эле турмушка баш ийуудон башка арга жок болчу. Байкем бир казиного чон суммадагы акча карыз болуп калган болчу. Биз байкемди Россияга качырып ийгенбиз. А Дамирдин ата-энеси "Эгерде кызынар Дамирге куйоого тийсе биз силердин баардык карызынарды толойбуз" деп соз беришкен. Сен тушун, эгерде мен ошондо куйоого тийбегенде биринчиден байкем чон моонотко кесилип кетмек. Экинчиден биз мал-мулктун баарынан ажырап сызга отуруп калмакпыз. Ошон учун мен сени менен кете алган жокмун. Кечир...
Мирлан: Эмне учун мага ошондо эле айткан жоксун?
Каныкей: Мага Дамир, Дамирдин достору минтип айтпасан байкенди милицияга салып беребиз дешкен. (Пауза. Мирлан ичинен Каныкейдин айткандарын кабыл алууга аракеттенет.)
Мирлан: Бир нерсе сурансам болобу? Очкинди чечип эле коёсунбу!
Каныкей: Жок. Чече албайм.
Мирлан: Азыр карангы, анын устуно биз кафеде отурабыз.
Каныкей: Мейли. (Шашпай очкисин чечет. Козу кок-ала.)
Мирлан: Ким?
Каныкей: Дамир. Бирок мунун оз себеби бар. (очкисин кайра киет.)
Мирлан: Ушуга чейин жеткире турган кандай себеп болушу мумкун???
Каныкей: Ачуу чындык!
Мирлан: Тушунгон жокмун.
Каныкей: Сенин Белек аттуу балан бар!
Мирлан: Эмне???
Каныкей: Дамир Белекти менин балам деп ойлоп журду. Бирок, эртеби кечпи чындык баары бир билинет. Мен ага чейин жеткирбей озум эле ачыкка чыгардым. Мына ушул чындык учун....  Эсиндеби биздин кыз-жигит болуп жургон акыркы жумабыз?
Бираз ойлонуп же кулоорун же ыйлаарын билбей туруп калат. Бирок коздорунон суйунучу даана корунуп турат.
Мирлан: Демек, мен сени акыркы жолу уйуно узаткандагы тун...
Каныкей: Ооба, ошол тун...
Мирлан: Мен атамын... Озум 1 жылдан кийин билип атам...   Ал азыр каякта?
Каныкей: Уйдо апам менен.
Мирлан: Айылдабы?
Каныкей: Жок. Бул жерде, Восток-5те
Мирлан(суйунуп): Анда эмне биз бул жерде отурабыз? Жур кеттик!
Каныкей: Каяка?
Мирлан: Кандай каякка? Мен баламды корбойунбу! (Каныкей оозун ачып эле отуруп калат. Мирлан Каныкейдин жанына келип колдорунан кармайт.)
Мирлан: Каныкей, мен сени буга чейин бир жолу кармай албай калгам. Бул турмуштан мага берилген 2-шанс. Эми мен сени жоготпойм. Сен, мен, Белек-биз эми дайыма бирге болобуз. Анткени биз бир уй-булобуз!
Арадан 1,5 ай отот. Мирлан жатаканага кирип бараткан. Постто Гулмира отурган.
Замир: Мирлан, Аргенди чакырып коёсунбу!
Мирлан: Сизди чакырып атат дейинби?
Замир: Жок. Постто апан кутуп атат десен!
Мирлан: Апасы? Аха мейли!
22-болмо. Арген уктап жатат. Мирлан кирип келет. Аргенди ойготот.
Милан: Кандай, Арген?
Арген: Жакшы! Эмне болду?
Мирлан: Биринчиден мен сенден кечирим сурайын дегем баякы нерселер учун. Эми мен оз бактымды таптым. Сага эч кандай претензиям жок. Кечир! (Колун сунат)
Мирлан: Экинчиден, постто апан кутуп атат сени!
Арген: Постто?
Мирлан(башын ийкеп): Телефонун очук турбайбы!
Арген телефонун издеп жаздыгынын астынан табат. Куйгузот.
Арген: Тьфу, ё моё! 8 непринятый... (Эшикти коздой чуркап кетет. Бир убакта токтоп калат да кайра келет.)
Арген: Биринчиден, кечирдим! Экинчиден, рахмат! Учунчудон бешик боон бек болсун! (Экоо тен кулуп коёт. Арген эшикти коздой чыгып кетет.)
Кантин. Арген эки чай алат. Нары жакка апасынын жанына отурат.
Гульмира: Мен айылга кетип атам. Мага ар кандай дары-уколдорду жазып беришти. Калганын айылдан дарылана берсен болот дешти.
Арген: Азырчы? Ден-соолугунуз жакшыбы?
Гулмира: Ооба баягыга караганда алда канча жакшы болуп калдым. Опперация жасагандан кийин дагы рентгенге тартышты да. Учуктан эч нерсе калган жок.
Арген: Апа, окуган жеримди корсотойунбу?
Гулмира: Мени ал жагына киргизеби? (Арген кулуп коёт).
Ушундан Апаке аттуу ыр башталат. Калганы клип сыяктуу кетет. Коммуникациядан, экономикадан, жатакананын астындагы факультеттерден, сары биналардан, анфи-204тон ар кандай эпизоддор. Ал буткондон кийин аялдамада.
Гульмира: А сен Акылайды биздикине конокко алып кел да бир куну.
Арген: Ал азыр айылында. Келсин созсуз.
Гульмира: А окуусучу?
Арген: Аларда азыр каникул.
Гульмира: Апей окуу жылынын ортосунда каяктагы каникул?
Арген: Бизде ар кайсы факультеттики ар кандай башталат. Апа, маршуткада азыр эл коп тыгылыш андан коро такси менен эле жетип албайсызбы вокзалга чейин. (Эки жагын карап бир таксини корот.)
Арген: Мен азыр... (таксист менен бираз суйлошот да кайра келет.)
Арген: Журунуз, Апа! (Арген апасын таксиге отургузат. Апасы сумкасынан 1000 сом алып чыгып Аргенге сунат.)
Гульмира: Бул сенин тамак-ашына!
Арген: Жок, апа! Мен азыр жатакананын ашканасында иштеп атам. Андан коро уйго керектуу бир нерсе алып алыныз. Жанара эжеме салам айтыныз. Бизде 3 жумадан кийин каникул башталат, ошондо барып калам. Мейлиниз, апа! (Апасы кетет. Арген жолду копко карап турат.)
Ошол куну кечинде. Манас университетинин аймагында Алтынбек менен Альбина кол кармашып жетелешип, тамашалашып келатышат. Аларга карама-каршы Мирлан менен Каныкей Белекти ээрчитип сейилдеп журушкон. Мунун баары жай музыка ыргагында. Бири-бирине карама-каршы келип калганда гана музыка токтойт.
Мирлан: Альбина?! Кандайсын?
Альбина: Жакшы. Кандай озун? Корунбойсун да?
Мирлан: Таанышып ал: бул Каныкей-келинчегим. А бул Белек-уулум!
Каныкей: Кубанычтамын!
Альбина: Мен да кубанычтамын. Уулун озундун эле кочурмок го! Ааа Таанышып ал: Алтынбек-жигитим.
Мирлан: Кандай, Алтынбек?
Алтынбек: Демек, Мирлан деген сенсинби? Баары эле сени Десант деп аташканынан атынды да билбептирмин.
Мирлан: Группада армия барып келгендерден жалгыз менмин. Ошон учун Десант деп коюшкан.
Алтынбек: Мындан ары билип журойун.
Мирлан:  Альбина, сени бир мунотко уруксатпы? (Мирлан менен Альбина нары басып кетишет.)
Мирлан: Сен мени алдамчы ойлоп калсан керек?
Альбина: Бир ай мурун сен мени суйом деп аткансын. Ал эми азыр мен коруп атам сенин бир жарым жашар балан бар экен. Анан эмне деп ойлоюн?
Мирлан: Альбина, муну тушундуруш азыр ото кыйын. Ачык айтсам менин балам бар экенин озум жакында эле билдим. Кечир...
Альбина: Мирлан, мен сени куноологон жокмун. Тескерисинче, сага рахмат! Алтынбек чындыгында эле алтын адам экен. Сен болбосон мен балким Алтынбек менен таанышпай да калмакмын.
Мирлан: Тушунгонун учун рахмат! Бактылуу болгула!
Альбина: Силер дагы! Алтынбек!!! (Алтынбек келет.)
Мирлан: Мейли, Алтынбек!
Алтынбек: Аха, мейли... (Тарап кетишет).
 Ошол эле убакта Нурлан Саида менен жатаканага келе жатышкан. Алар бири-бирин тушуно албай жатышкан. Посттон отуп калганда артынан Нурсултан келип калат.
Нурсултан: Кандай, Нурик!
Нурлан: Э, кандай, брат! Брат, сен орусча жакшы эле билесин го! Тушундуруп берип койчу эмне деп атат!
Нурсултан: Привет! Я Нурик!
Саида: Саида, очень приятно! Нурик, Скажи ему пусть завтра жёлтый фламастер принесет. Мы должны плакат дорисовать.
Нурсултан: Какой ещё плакат?
Саида: Просто скажи ему так!
Нурсултан: Кыскасы, эртен сары фламастер ала келсин дейт. Сурот тартат турбайсынарбы! (Нурландын телефону чалып калат.)
Нурлан: Алло! Ий мына баратам. Мейли, брат! Рахмат! Чао! Ала келет деп койчу... (Нурлан кетет.)
Нурсултан: Он принесёт. А у тебя красивые глаза...
Саида: Спасибо!
Нурсултан: А ты кто по-нации?
Саида: Скажем так: Я с России но не русская... Я с берегов великий реки Енисей.
Нурсултан: Понятно! Ммм...   Может чайку!
Саида: Нет. Я чай неочень люблю. Может просто погуляем?
Нурсултан: Ладно, отлично! (Экоо кетишет. Суйлошкондору акырындап алыстай берет. Жазуулар чыга баштайт. )
Нурсултан: Значит ты одна из наших предков?
Саида: Получается так...
Нурсултан: А вы чо там на родине чай не пьёте?
Саида: Почему не пьём? Пьём, просто я щас не хочу. А вы здесь как я поняла просто помешаны на чае...
Нурсултан: Да ладно...
Саида: Прохладно....   
Карангы кирген. Стадиондо Нурсултан чуркап журот. Четте Арген капюшончон бироо турат. Аргендин бети корунбойт. Нурсултан Аргендин жанына келгенде...
Арген: Салам алейкум!!! (Нурсултан токтоп калат. Алгач тааныбайт. Жакын келет)
Нурсултан: Алейкум салам...
Нурсултан жакын келгенде Арген капюшонун чечет.
Арген: Чогуу чуркабайлыбы, брат?
Нурсултан: Спортсмен болойун деп чечтинби?
Арген: Жок, спортсмен болойун деп деле эмес. Апам учун, Эжем учун, Акылай учун жаны жашоо башташым керек. Чуркоодон баштайын деп атам...
Нурсултан: Шприц, пиво, тамеки, арак?
Арген: Жок, жок... Эч кандай шприц, эч кандай пиво, тамеки, арак... Бутту! Алар жакшылыкка жеткирбейт. Баштайлыбы?
Нурсултан: Мейли... Королу сен эмнеге жарайсын... Мынабу бир круг 250 метр. 4 круг 1 киллометр. Кунуно 5 киллометр чуркап турабыз. Кеттик....
Экоо чуркап кетишет. Жазуулар чыгып кино бутот.





 


Рецензии